Жумабеков: «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот»

09.07.2020, 14:45 Акчабар
Жумабеков: «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот»

8-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы айрым дарыканаларды кыдырып, аларда сатылып жаткан дарылардын наркынан кабар алды.

Илдеттен пайдаланып, дарылардын баасын негизсиз кымбаттаткандар жазаланарын айткан Төрага Дастанбек Жумабеков:

«Дүйнө эли, анын ичинен Кыргызстан калкы да коронавирус илдети менен күрөшүп жатат. Калктын саламаттыгын коргоого мамлекет да болгон күчүн жумшоодо. Жеке ишкерлер жана ыктыярчыларыбыз да барандуу салым кошууда. Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мындай бирдиктүү күрөшкө дарыканалар да жигердүү катышып, кырдаалдан пайдаланбай, калкка жардам бериши керек. Дарылардын наркын көтөрбөй, кай бир учурда арзандатса, элге чоң жеңилдик болот. Ал эми баасын негизсиз жогорулаткандарга сөзсүз чара колдонулат», - деди.

Муну менен катар «Илдетти биримдик жана ынтымак жеңебиз»,- деген Дастанбек Жумабеков дарыканаларды эл үчүн иштөөгө чакырды.

Тэги: Жумабеков жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть