COVID-19: Кыргызстанга эл аралык финансы институттарынан 462 миллион доллар бөлүнгөн

28.05.2020, 14:00 Акчабар
COVID-19: Кыргызстанга эл аралык финансы институттарынан 462 миллион доллар бөлүнгөн

Коронавируска каршы күрөшүү максатында эл аралык финансы институттарынан каржылык жардам тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты.

[news 24654]

Бүгүнкү күндө эл аралык донорлордон 462 миллион доллардан
ашык суммадагы каражатты финансылык жардам катары алуу жөнүндө келишимдер бар.

Анын ичинен, Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 млн доллар (241 948 003) келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Ал эми Азия өнүктүрүү банкынан 3 транш менен келет. Биринчи транш боюнча, финансы мекемеси менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 млн доллар келет, мунун жарамы гранттык негизде. Экинчи транш менен дагы 50 млн доллар келет. Эки транш тең бюджетти колдоого багытталат. Мындан тышкары, АӨБ 20 миллион доллар бөлөт.

Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.

Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 млн доллар бөлөт.

Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Евросоюз билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн 300 миң евро бөлүп берет. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн 500 миң евро, Жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 миллион 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Тэги: коронавирус финансы институттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть