«Манас» аэропртун инвесторлорго берүү тууралуу чечим ААКтын мыйзамына каршы

30.01.2020, 17:10 Акчабар
«Манас» аэропртун инвесторлорго берүү тууралуу чечим ААКтын мыйзамына каршы

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу мамлекеттик-менчик кызматташтык борбору, ААК «Манас эл аралык аэропортун» өткөрүп берүү үчүн чет элдик инвесторлорду издөөдө. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Данияр Абдылдаев билдирип, азыркы учурда IFC эл аралык кеңешчиси менен иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Мекеме белгилегендей, инвестор Кыргызстандын аэропортторунун тармагын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн керек. Бирок өкмөттүн бул демилгесинин рентабелдүүлүгү тууралуу бир бүтүмдүү жооп айтылган жок. Анткени 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча «Манас эл аралык аэропорту» 2 млрд сом өлчөмүндө таза киреше алып, мамлекетке дивидент өлчөмүндө 640 млн сом төлөгөн. Аэропортторду инвесторго өткөрүп берүү тууралуу чечимин жогорку орган катары акционердик коомдун жетекчилер кеңеши кабыл алышы керек. «Акыркы чечимди «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому чыгарат. Акциялардын 79% мамлекетке, 8% Социалдык фондго, 12% физикалык жана юридикалык жактарга таандык. Чечим «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамына ылайык кабыл алынат»,- деди «Манас эл аралык аэропорту» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов.

Тэги: ААК инвестор Манас аэропорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть