Опубликовано
18.05.2020, 04:15Москвадан 378 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.
[news 24230]
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17майда «Манас» эл аралык аэропортунда «Аэрофлот» авиакомапаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты.
«378 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. КР өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ Москвадан 161 кыргыз жараны Бишкекке учуп келген.