Нарында жугуштуу оорулар үчүн оорукана курулуп жатат

09.09.2020, 09:50 Акчабар
Нарында жугуштуу оорулар үчүн оорукана курулуп жатат

Нарында жугуштуу оорулар үчүн мамлекет тараптан 70 орундуу бейтапкана курулуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.



«Бүгүнкү күндө жумуштун 30 пайызы бүткөрүлдү. Тактап айтканда, пайдубалы толугу менен түптөлүп, казылган аянттар кайрадан толтурулуп, дубалынын түркүктөрү орнотулду.
Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланып, Мерибелл Текстиль Иншаат курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулушта 50 жумушчу иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иш алып барууда», - деп жазылат маалыматта.

Жакын арада узуну 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба-ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулмакчы.

Учурда президенттин тапшырмасына ылайык өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имаратты куруу иши башталган.

Тэги: Нарын оорукана курулуш иштер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть