Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.06.2020, 08:45

Бүгүн, 17-июнь күнү Пакикстандан Кыргызстанга 100 жаран келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен билдиришти.

[news 25208]

«Бүгүн, 17-июнь күнү пакистандык авиакомпаниянын жардамы менен элчилике кайрылган 100 адам үчүн «Исламабад-Бишкек» багыты боюнча көптөн бери күтүлүп жаткан биринчи каттам уюштурулду. Учуп кеткен жарандардын арасында кыз-келиндер, балдар, окуучулар, улгайган жарандар жана башка мекендештерибиз бар», - деп билдиришти элчиликтен.

Элчиликтен белгилешкендей 19-июнда дагы 100 кыргыз жараны үчүн “Лахор-Бишкек” багыты боюнча каттам уюштурулууда.


Читать похожее

  • 15.11.2023, 22:45:54
  • 18.02.2022, 02:50:46
  • 11.11.2020, 00:15:12
  • 19.10.2020, 02:05:51