Опубликовано
04.10.2019, 07:05Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо, мамлекеттик сырды жашыруу менен башталат . Маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу – өзгөчө көңүлдү талап кылат - деп билдирди «Орто Азиядагы санариптик трансформация» аталыштагы конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков.
Жарандардын кызыкчылыгы кол тийгис болуп эсептелинет. Жарандын уруксаты жок, ал тууралуу маалыматты таратууга эч кимдин укугу жок - деп кошумчалады президент.
Өкмөт кибер коопсуздугу боюнча жаңы стратегияны кабыл алган. “Кыргызстан бул тармакта жаны технологияга муктаж” – деп билдирди С.Жээнбеков.