Башкы прокуратура: 64 сайт, 233 аккаунтка кирүүгө чектөө киргизилди

29.10.2019, 14:55 Акчабар
Башкы прокуратура: 64 сайт, 233 аккаунтка кирүүгө чектөө киргизилди

Кыргызстанда интернет колдонуучуларына 64 сайтка, 233 аккаунтка жана видеоканалга кирүүгө чектөө киргизилип, тыюу салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чаралар интернетте террордук жана экстремисттик ишмердүүлүктү үгүттөгөн маалыматтарды тараткандарга карата көрүлдү. Булардын катарында мамлекеттик бийликтин светтик институттарын зомбулук менен жок кылууга багытталган куралчан топтор бар.

Башкы прокуратура билдиргендей, интернетте сепаратизм, этникалык айырмачылыктарга, расага, динге ишенүү боюнча коомдуу бөлүп-жаруу күн санап өсүүдө. Интернетке жарыяланган маалыматтарды экстремисттик деп таануу боюнча сотко 19 арыз түшкөн. Сот Башкы прокуратуранын арыздарын колдоду.

109 аткаминер дисциплинардык жоопко тартылды.

Тэги: интернет колдонуучулар башкы прокуратура чектөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть