Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.06.2020, 03:35

Россия Тажикстан мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 11,2 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Россиянын Душанбедеги элчилиги кабарлады.

[news 25192]

Каражат билим берүү мекемелериндеги ашканаларды оңдоого, жабдууга, мектеп кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле өлкөдө туура тамактануу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүүгө жумшалат.

Мындан тышкары долбоордун алкагында 2020-2021-жылдар үчүн орусиялык азык-түлүк товарларын сатып алууга кошумча дагы 10 миллион доллар бөлүнөт.

Тажикстанда бул долбоор 1999-жылдан бери иштеп келет. Москва ага 2010-2015-жылдары 35,5 миллион доллар бөлгөн. Андан бери долбоорду каржылоо мөөнөтү жыл сайын узартылып келет.

Элчи Игорь Лякин-Фроловдун айтымында, бул Россиянын Тажикстандагы эң ири долбоорлорунун бири жана анын жалпы бюджети 80 миллион долларды түзөт.

2019-жылдын аягында Россия жакынкы үч жылдын ичинде Тажикстанга беш мектеп куруп берери белгилүү болгон.

Москва 12 жылдан бери Тажикстандагы мектептерге жардам көрсөтүп келет. 2017-жылы Россия Душанбеге 30, 2018-жылы 48 мугалим жөнөткөн.


Читать похожее

  • 04.08.2024, 23:25:00
  • 28.07.2024, 21:25:55
  • 09.07.2024, 23:42:10
  • 27.05.2024, 21:45:44