Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сапар Исаков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

24.10.2019, 16:22 Акчабар
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сапар Исаков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда. Отурумга айыпталуучу Сапар Исаков келген жок. Ал эксперттер Хафизов менен Асанов суралгандан кийин гана көрсөтмө бере тургандыгын айткан. Бул тууралуу «Кабар»маалымат агенттиги жазып чыкты.

Адвокаттар билдиришкендей, үстүдө аты аталган эксперттер суралмайынча Исаков көрсөтмө берүүдөн жана отурумга катышуудан баш тартууда. «Бул анын конституциялык укугу», - деп билдирди адвокат Нурбек Токтакунов.

Судья айыпталуучу көрсөтмө берүүдөн баш тартса болот, бирок процесске катышуусу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Тэги: ЖЭБ модернизация Сапар Исаков сот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть