КР Сауд Арабия фондунан 25 жылдык мөөнөткө  30 млн доллар насыя алат

03.12.2019, 14:14 Акчабар
КР Сауд Арабия фондунан 25 жылдык мөөнөткө  30 млн доллар насыя алат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусндагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу турмагынын өнүгүүсүнө багытталат.

Тэги: Сауд Арабия фонд насыя 25 жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть