КР ТИМ Башчысынын Люксембургга биринчи сапары болду

14.02.2020, 14:30 Акчабар
КР ТИМ Башчысынын Люксембургга биринчи сапары болду

2020-жылдын 13-февралында Люксембург Жогорку Герцогствосунун тышкы жана европа иштери министринин чакыруусу боюнча КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун тарыхта биринчи жолу Люксембургга сапары болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

[news 20946]

Сапардын алкагында Ч.Айдарбековдун Люксембург Жогорку Герцогствосунун тышкы жана европа иштери министри Ж.Ассельборн менен тар жана кенен форматтардагы жолугушуусу болгон.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Люксембург Жогорку Герцогствосунун ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу маселелери талкууланган. Өлкөлөр ортосундагы долбоордук-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү жана кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активдештирүү үчүн ар кандай деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруунун зарылдыгы белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын жайында Бишкекте өткөрүлүшү пландалып жаткан «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» деп аталган Биринчи экономикалык форумдун ишине люксембург тарабын активдүү катышууга чакырды.

Андан сырткары, министрлер авиакаттамдар, ошондой эле салык жана банк чөйрөлөрүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Тэги: ТИМ Люксембург жолугушуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть