Ысык-Көлгө технопарк куруу долбоору сунушталды

04.10.2019, 12:48 Акчабар
Ысык-Көлгө технопарк куруу долбоору сунушталды

Бүгүн, 4 – октябрда «Орто Азиядагы санариптик трансформация» аталыштагы конференцияда экономикалык өнүктүрүү саясатынын адиси Хак-Мин Ким «Акылдуу шаар» долбоору тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, алгач бизнес – инкубатор, технопарк өнүгүп андан соң санариптештирүүнүн бийик туу чокусу делген “Акылдуу шаар” долбоору толук кандуу ишке ашырылуусу шарт. Кыргызстанда буга чейин технопарктын бар экенин укканын жана технопарк жумушчу орун менен камсыз кылуу менен катар өнүгүү жолуна тушүү керек экендигин кошумчалады.

«Акылдуу багыт» боюнча 8 технолгогиялык облус бар. Технологиялык инновация окуу жайлар менен өкмөттү байланыштырышы мүмкүн. Хак-Мин Ким Кореяда Chungаm сыяктуу технопартарды куруу боюнча штеген. Ал Кореяга өзунүн санарип платформасы менен 8 технопарк курган. Учурда Кореяда 20дан ашык технопарк өз ишин аткарат.

«Акылдуу шаар» ишке кириш үчүн, бардык окуу жайлар өкмөт менен байланышта болуусу кажет. Кыргызстанда технопаркты Ысык-Көл облусуна курса болот, себеби ал жактын жаратылышы кооз жана аба-ырайы жакшы деп билдирди Хак-Мин Ким.

Буга чейин Вьетнамда технопарк долбоору ийгиликсиз аяктаган.

Хак-Мин Ким кыргыз технопаркын куруу үчүн 6 кичи жана аткаруу комитетин тузүүнү сунуштады. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн гениалдуу долбоор иштеп чыгуусу керек экендигин белгиледи. Андан сырткары, Кыргызстанда бизнес-инкубаторлор өз ишине профессионал эмес экендигин дагы кошумчалады.

Тэги: Технопарк Ысык-Көл Орто Азия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть