Тилек Токтогазиев президентке коррупция менен күрөшүүнүн жаңы моделин сунуштады

12.02.2020, 13:45 Акчабар
Тилек Токтогазиев президентке коррупция менен күрөшүүнүн жаңы моделин сунуштады

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи отурумунда Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев президентке коррупция менен күрөшүүнүн жаңы моделин сунуштады.

Ишкер айыппулдарды жазып бербей, ишканалардын рейтинг системасын киргизүүнү сунуштады. Ал белгилегендей, бул ыкма коррупция менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

«Австриядан Кыргызстанга келген ишкер өлкөбүздө айыппулдар көп экенин айтты. Баардык жерде айыппул. Ал, аларда да кайсы бир милдеттерди аткарбагандыгы үчүн айыппулдар бар экенин айтты. Бирок ал башкы чара эмес. Австрияда рейтингдин түшүшү оор жаза болуп саналат. Алар рейтингин жана кадырын жоготпош үчүн аракет кылышат. Бул модель биздин ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программабызга киргизилсе жакшы болмок», - деди ал.

Аны менен бирге ал, өлкө аймактарында өнүккөн өлкөлөрдүн ишкер-пенсионерлери келиши үчүн шарттарды түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, алар аймактагы ишкерлерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, бизнести өнүктүрүүгө чоң салым кошмок.

«Алардын билгени биз үчүн жаңы бир нерсе болушу мүмкүн. Швейцариянын пенсияга чыккан ишкерлери менен сүйлөшкөндө, алар бул нерсеге кызыгуусун билдиришти», - деди ал.

Тэги: президент Тилек Токтогазиев коррупция механизм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть