Трамп Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумун каржылоону токтотот

15.04.2020, 13:00 Акчабар
Трамп Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумун каржылоону токтотот

АКШнын президенти Дональд Трамп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун Вашингтон мындан ары каржылабайт деп билдирген. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышынын себептерин аныктамайынча, мен каржылоону токтотом», — деп айтты журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Трамптын айтымында, БДСУ маалыматты өз убагында тапшырган эмес жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чындыкка бура алган эмес.

«БДСУ башкы милдеттеринин бирин аткара алган жок жана бул боюнча жоопко тартылуусу керек», — деп билдирди АКШнын президенти.

Трамп уюмду Ухандан келген расмий маалыматтарды иликтеген эмес деп айыптоодо.

«Вирус адамдан адамга жугары тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айында маалым болгон. БДСУ бул маалыматты тезинен аныктап коомчулукка эртерээк эскертүү бериши керек болчу», — деп айтты ал.

Эске сала кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус илдетин пандемия деп жарыялаган. БДСУнун акыркы маалыматтарына ылайык, илдетти жуктуруп алгандардын саны 2 млн адамга жеткен, анын ичинен 120 миң жаран бул оорудан каза болду.

Тэги: Дональд Трамп БДССУ Вашингтон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть