Транспорт комитети 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун карады

23.10.2019, 17:00 Акчабар
Транспорт комитети 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун карады

22 – октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

Берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом суммада болжолдонгон. Бул ички дүӊ продукциянын (ИДП) 27,5% деӊгээлинде. 2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом суммасында же ИДПнын 24,5%ында каралууда.

Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деӊгээлинде белгиленген (ИДП 26%). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп. 2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5%ын түзөт.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү курулушка жана жолдорду оӊдоп-түзөөгө багытталган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу колдонуу маселесине токтолушту. Эл өкүлдөрү жол тармагынын туруктуу болушу каражаттардын байма-бай берилишинен эле эмес, Транспорт министрлигинин алдына коюлган милдеттердин сапаттуу аткарылышынан дагы көз каранды экенин белгилешти.

Депутат Улукбек Ормонов КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдон Өкмөт мурда билдирген бюджеттин кирешесин 7,9%га же 11 млрд 948 млн сомго көбөйтүү маселеси кантип аткарыларын сурады. К.Боронов мындай көрсөткүчкө жетүү республикадагы өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен пландаштырылып жатканын айтты. Анын белгилөөсү боюнча 2019-жылы 126 жаӊы ишкана ачылган. 2020-жылы «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөн киреше түшмөкчү.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев бюджеттин «Капиталдык салым» беренеси боюнча курулушу өтө созулуп кеткен объектилерди бүткөрүү керектигин айтып, ага 2011-жылы салынып баштаган Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушун мисалга тартты. КР биринчи вице-премьер-министри аталган мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын соӊуна чейин жыйынтыкталаарын убада кылды.

Соӊунда комитет мүчөлөрү келерки жылдын бюджет долбоорунда талкуулай турган маселелер көп болгондуктан, мыйзам долбоорун кароону кийинки отурумда улантуу чечимин кабыл алышты.

Тэги: транспорт комитети бюджет 2020-жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть