Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилет

05.03.2020, 11:15 Акчабар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилет

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылат.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Президенттин жарлыгына ылайык, ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордуна берилген акчалай компенсациянын көлөмү айына 7000 (жети миң) сом.

Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан сырткары ай сайын пенсия алышат.

Тэги: Улуу Ата Мекендик согуштун ардаг жөлөк пул 75 миң сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть