Япония Кыргызстанга 28 жыл ичинде 1 млрд $ жардам көрсөткөн

23.10.2019, 17:30 Акчабар
Япония Кыргызстанга 28 жыл ичинде 1 млрд $ жардам көрсөткөн

Кыргызстан эгемендикти алган күндөн тарта Япония дайыма колдоосун көрсөтуп келет. Жардам катары көрсөтулгөн сумаа 1 млрд долларды түзөт, анын жарымы грант катары келген. Бул тууралуу КР президенти Японияга болгон иш сапарында белгилеп өттү.

22-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Японияга болгон иш сапардын алкагында Токио шаарындагы жердештер менен жолугушуу өткөрдү. Өлкө башчы мекендештер менен жолугушканга кубанычта экенин билдирип, Японияда көргөн, үйрөнгөн жакшы иштерди кийин Кыргызстанга колдонуу үчүн умтулуп жаткан мекендештердин иштерин канаттануу менен баалады.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Япония менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Биз дагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Мени биздин жаштардын Япониянын алдыңкы технологияларын, япон тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырууда. Япониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонуу, илим, билим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап Япон Өкмөтүнүн кадрлардын адистигин жогорулатуудагы жардамын жогору баалаганын, Японияга Кыргызстандан жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окууга келип жаткандыгын баса белгиледи.

Тэги: Япония грант КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть