Опубликовано
09.10.2020, 10:302019-жылы жүргүнчүлөрдү ташыган авиакаттамдардан түшкөн киреше 7.6 млрд сомду тузгөн. Анын ичинен дээрлик 80% эл аралык каттамдардан, 20% ички аба каттамдардан катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
[news 28564]
Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ата мекендик «Эйр Манас», Avia Traffic Company жана TEZ JET авиакомпаниялары ташууда.
Аба майданында иштеген кызматкерлердин орточо саны 2019-жылы 1.3 миң адамды түзгөн.
2019-жылы улуттук аба жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү дээрлик 1 млн адамды түзгөн. Анын ичинен 48% эл аралык каттамдарды түзгөн жана дээрлик 53% ички каттамдарга тиешелүү.
Ошол эле учурда, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү 2 миллиарддан ашуун жүргүнчү-километрди түзгөн.
Кошумчалай кетсек, жыл сайын октябрь айында республикада авиация күнү белгиленет.