akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.03.2020, 05:30

    2020-жылдын январь айында 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу калкка кызмат көрсөткөн тарифтердин саны 0,1% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

    Маалыматка ылайык, абадагы жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы - 3,7%, бут кийим оңдоо - 2,4%, поезд кызматы - 1,1%, кийим тигүү - 1%, мейманкана кызматы - 0,4%, мектепке чейинки жана башталгыч класстарды окутуу кызматы- 0,2% жана коомдук тамактануу - 0,1% жогорулаган.

    2019-жылдын январь айында 2018-жылга салыштырмалуу турак - жайларды оңдоп-түзөө кызматы - 0,2%, жол жүргүнчүлөрдү ташуу -0,1%, маданий иш-чараларды уюштуруу - 0,1% төмөндөгөн.

    2020-жылдын январь айында 2019-жылга салыштырмалуу кызматтарга болгон тарифтин өсүүсү 0,8% түзгөн.


    Читать похожее

    • 01.03.2020, 23:30:14