Опубликовано
12.02.2021, 05:00Кыргызстандыктардын жашоосуна валюталардын курсу чоң роль ойнойт. Көпчүлүк экономисттер улуттук валютаны девальвациялоо керектигин сунуштаган демилге түпкүрүндө туура эмес, - деп билдирди Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов «Биринчи радиого» берген маегинде.
[news 32382]
Анын айтымында, эксперттер девальвация экспорттун көлөмүн өстүрөт деп эсептешет. Бирок, маселени тереңинен карап көргөндө, өндүрүлө турган чийки заттын 70-80% импорт экени маалым болот.
«Мисалы, «Бизде кандай өндүрүш бар?» деп сураганда, алар кандай ишканалар бизде иштеп жаткандыгын айтышат. Бирок, чийки заттын 70-8-% импорт. Бул Кыргызстанда девальвациянын стандартуу көрүнүшү иштебейт дегенди билдирет. Биздин экономиканын негизине туура келген иштерди жүргүзүшүбүз керек», — деп белгиледи Абдыгулов.