Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт

11.02.2020, 16:00 Акчабар
Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт

Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер менен жолугушууда билдирди.

«Туризм туура башкаруу жана шайкеш коротуу менен казынага көп акча алып келүү мүмкүнчүлүгү бар багыттардын бири болуп саналат. Инфраструктураны жакшыртуу аркылуу биз аймактарды дагы өнүктүрө алабыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкө дүйнөгө кызыктуу болуп турат. Көп киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү бар туристтик дарамети боюнча Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун чыгарган рейтингине кошулабыз. Тилеке каршы, аны кантип жасайбыз деген так түшүнүк жок», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы жылда жүргүзүлүүчү мониторингдин жыйынтыгын мисал келтирди, ага ылайык, 2019-жылы Кыргыз Республикасына 8,5 миллиондон ашык чет элдик жаран келген.

«Мен келгендердин баары - туристтер деген ойдон алысмын. Бирок жок дегенде булардын жарымы биздин өлкөгө эс алуу үчүн келди деген ойдомун. Биз бүгүнкү күндө туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу ниетибиз бар. Туризм ата мекендик экономиканын алдыңкы тармактарынын бири болушу шарт. Эгерде 2019-жылы ИДПдагы туризмдин үлүшү 5% түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүчтү 7%га чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн, мисалы, өлкөгө кирген туристтерди эсептөөнүн усулун карап чыгуу шарт. Сиздердин сунушуңуздардын негизинде биринчи кезекте көңүл бура турган башка аспектилер дагы бар», - деп Мухаммедкалый Аблыгазиев эл аралык эксперттерге кайрылды.

Эл аралык эксперттер Ысы-Көл – Алматы туристтик коридорун камсыз кыла турган 10 жылга карата туризмди өнүктүрүү боюнча башкы пландын бет ачарын жасашты.

«Кыргыз Республикасы туризм тармагы жолго салынган өлкөлөр менен атаандаштыкты түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн көздөлгөн белгисиз жерлерди түзүү керек. Республиканын «таажысында» көп баалуу таштар бар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы республика эксперттик пикирге жана финансылык колдоого муктаж экенин белгиледи.

«Эң негизгиси – бизде туризм чөйрөсүн сапаттуу деңгээлге көтөрүүгө дарамети жеткен адистер жетишсиз. Бир нече адамдын күчү менен бул тармакты толук кандуу өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бизге иш аракеттерибиздин кадамынын так планы керек. Андан кийин мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуу менен биз ушул планды жүзөгө ашырып баштайбыз. Ошондой эле кредиттик линия ачууну жана туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк институтун катыштырууну пландап жатабыз. Биз туризмди Ысы-Көл менен гана байланыштыруу түшүнүгүнөн кетишибиз керек. Туризм чөйрөсү көп кырдуу, ошондуктан биз ушул планда дагы да активдүү түрдө иштейбиз. Калк туризмдин пайдасы жакшы экенин сезгендей болушу шарт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр жаздын башталышы менен бардык түзүмдөрдүн, эл аралык донорлор менен эксперттердин катышуусунда ата мекендик туризмди өнүктүрүүнүн жолун талкуулай турган туристтик форум уюштурууну тапшырды.

Тэги: Абылгазиев премьер-министр Өкмөт башчы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть