Абылгазиев: Мамлекеттик органдар үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек

14.01.2020, 15:30 Акчабар
Абылгазиев: Мамлекеттик органдар үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек

Жаңырган 2020-жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.

«2020-жылы «Жерүй», «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишмердүүлүгүн башташат. Мындан тышкары быйылкы жылы энергетика тармагындагы жоготуулардын көлөмүн жана башка маанилүү көрсөткүчтөрдү белгилеген эсеп борбору ачылат. Республиканын ар бир районунда ишкерлерди колдоо, аларды финансылык сабаттуулукка жана бизнес-пландарды даярдоого окутуу боюнча адистештирилген борборлордун ачылышы маанилүү деп эсептейм. Аймактарды өнүктүрүү үчүн ишкер жарандарды насыялык ресурстарды, инвестицияларды дээрлик сарамжалдуу пайдалануу жана өздөрүнүн идеялары менен долбоорлорун мындан ары да жүзөгө ашыруу үчүн окутуу керек. Ошол эле учурда жашыл экономика чөйрөсүндөгү, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо боюнча программаларды өнүктүрүү жана жүзөгө ашыруу чоң маани ээ болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тэги: Абылгазиев Өкмөт Өкмөт башчы орган

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть