Абылгазиев: Радиожыштыктар боюнча маселени саясатташтырбоо керек

22.05.2020, 09:30 Акчабар
Абылгазиев: Радиожыштыктар боюнча маселени саясатташтырбоо керек

Депутат Жанар Акаев тарабынан радиожыштыктар маселеси боюнча такталбаган маалыматтар таркатылып жатат. Бул маселени саясатташтырган туура эмес. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди, - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Кечээ бул тууралуу Жанар Акаевдин билдирүүсүн көрдүм. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Сиздер мыйзамдарды кабыл аласыздар. Депутат Жанар Акаев такталбаган маалыматтарды айтты. Муну саясатташтырган туура эмес. Менин аброюма дагы шек келтирген сөздөрдү айтты. Бул эми анын өзүнүн абийиринде. Мунун башы негизи башында маселеге тиешеси бар органдар менен чогулуп, финансылык каражаттары боюнча сурап, тактап, радио жыштыктар боюнча кандай болуп жатат деген тапшырма бергем. Мурда сатылган учурлар болгон. Радио жыштык мамлекеттин байлыгы. 1000 сомго сатылган учурлар болгон. Ээлик эмес, убактылуу пайдаланууга алышкан. Убактылуу алгандар 2-компанияга сатып жатат. Бул туура эмес, мыйзам түрүндө чек коюш керек. Өзү пайдаланбаса кайра Өкмөткө кайтарып, чек коюп кайра аны аукцион кылып сатуу маселесин койгонбуз. Кийин көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жаткан. «Ала-ТВ» 1998-жылы телеберүү үчүн жыштык алган. Колдонуп жүрүп, «Beeline» компаниясына сатып жатат. Бул туура эмес. Мамлекеттик кызматкерлер дагы аралашкан деген сөздөр болду. Президенттин тапшырмасы менен бул фактылар текшерүүгө алынган. Билишимче, ишти Аскер прокуратурасы карап жатат. Жыштык боюнча саясат жүргүзүп жаткан комитеттин кызматкерлерине карата тергөө жүрүп жатат. 2-3 мамлекеттик органдын кызматкерлери кармалып, тергөө жүрүүдө. Учурда тергөөгө аралашуум, күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп түшүндүрмө берүүм туура эмес болуп калат», - деп билдирди премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, радиожыштыктар да мамлекеттин байлыгы, сатыла турган чечим чыкса, анда аукционго коюлуп сатылышы керек.

«Сатылбаса мамлекеттин балансында пайдага иштеш керек. «КТ мобайл» баасы 2 млрд сом турат. Ал жерде татыктуу адистер иштеп жатат. Бир жылда чоң мамлекеттик компанияны бутуна тургузган жоксуңар деп күнөө койгон да туура эмес. Келечегин убакыт көрсөтөт. Ал эми радио жыштык маселесинде менин күнөөм жок. Ким күнөөлүү болсо жоопко тартылсын. Ишти дагы финансы полициясы жүргүзүүдө. Алар жакында сиздер каалаган маалыматтарды беришет», - деп жыйынтыктаган Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тэги: Жанар Акаев Депутат радиожыштык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть