Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алуу конкурстун мөөнөтү узартылды

15.10.2020, 11:10 Акчабар
Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алуу конкурстун мөөнөтү узартылды

Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстандан сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алуу конкурсуна табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 26-октябрында саат 15:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия мындай чечимди конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди тапшырууга үлгүрбөй жаткан бир катар компаниялардын кайрылууларына байланыштуу кабыл алган. Атап айтканда, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн, анын ичинде эл аралык почтанын жеткирүү кызматынын кечиктирилишинен улам болууда.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы 23-сентябрда алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстанга жана сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялаган.

Конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 26-октябрында саат 15.00гө чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.

Тэги: акциздик марка Кыргызстан товар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть