Adidas 32 жылдан бери биринчи жолу чыгымга учурады

15.03.2024, 15:16 Акчабар
Adidas 32 жылдан бери биринчи жолу чыгымга учурады

Германиялык "Adidas” бренди 2023-жылы 58 млн евро чыгымга учурады. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, “Adidas” 32 жылдан бери биринчи жолу жылдык жоготууга учурады.

“Спорттук кийим өндүрүүчү 2023-жылы 58 млн евро жоготкон, бул 1992-жылдан бери биринчи жолу жоготуу. Ага карабастан, компаниянын директорлор кеңеши 2023-жылга дивиденддер өзгөрүүсүз бойдон калаарын жана бир акциянын баасы 0,70 еврону түзөрүн жарыялады”, - деп айтылат маалыматта.

2024-жылы "Adidas" Түндүк Америкада сатуу 5%га төмөндөшүн болжолдойт, бул компаниянын экинчи чоң рыногу. АКШдагы суроо-талаптын азайышы жана запастардын көп болушунун себеби бренддер өнүмдөрдү сатуу аракетинде өнүмдөрдүн баасын төмөндөтүүдө.



2023-жылы төртүнчү кварталда “Adidas” продукцияларын сатуу Түндүк Америкада 21% жана жыл ичинде 16% төмөндөгөн. Ошол эле учурда компания Кытайда сатуунун олуттуу өсүшүн күтүүдө.

Тэги: Adidas бренд чыгым спорттук бут кийим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть