Афганистан айыл чарба продукциясын Россияга экспорттоого көмөк көрсөтүүнү Кыргызстандан өтүндү

15.03.2022, 15:20 Акчабар
Афганистан айыл чарба продукциясын Россияга экспорттоого көмөк көрсөтүүнү Кыргызстандан өтүндү

Афганистан айыл чарба продукциясын Россиянын рыногуна экспорттоого көмөк көрсөтүү өтүнүчүн Кыргызстанга билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Тактап айтканда, Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Афганистан тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки менен жолугушуусу болуп өттү.

Эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле коопсуздук маселелерин жана аймактагы кырдаалды талкуулашты.

“Казакбаев бүгүнкү күндө Афганистанга электр энергиясын жеткирүү боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле региондун бардык өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик-транспорттук потенциалды практикалык жактан өнүктүрүү жана толук пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жаткандыгына афган тараптын көңүлүн бурду. Бул контекстте афган тарап континенттин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган соода жолдорун түзүүнү сунуштап, Кыргызстандын кызыкчылыгын жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Афганистандан айыл чарба продукциясын Россиянын рыногуна экспорттоого көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, афган тарап Борбордук Азия өлкөлөрү менен Афганистандын ортосундагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана кийин региондун өлкөлөрүнүн ортосунда ротациялоо менен Кабулда коопсуздук маселелери боюнча конференция өткөрүүнү сунуштады.

Тэги: Афганистан ТИМ айыл-чарба продукциясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть