АИ-92 майдын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 3,45 сомго төмөндөдү

28.01.2021, 16:30 Акчабар
АИ-92 майдын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 3,45 сомго төмөндөдү

2021-жылдын 27-январына карата АИ-92 бензининин орточо керектөө баалары өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу республика боюнча орточо алганда 3,45 сомго, же 8,6 пайызга , ал эми дизелдик күйүүчү май 7,62 сомго, же 17,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Ошол эле учурда, АИ-92 бензинге карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Исфана шаарында (бир литри - 40,00 сом), Баткен шаарында (бир литри - 39,67 сом) жана Ноокат шаарында (бир литри - 38,50 сом) катталды, ал эми минималдуу чекене баалар Каракол шаарында (бир литри - 35,25 сом), Балыкчы шаарында (бир литри - 35,10 сом) жана Покровка айылында (бир литри - 34,50 сом) болгон.

Дизелдик күйүүчү майынын эң жогорку баалары Исфана шаарында (бир литри - 40,00 сом), Баткен шаарында (бир литри - 39,67 сом) жана Ноокат шаарында (бир литри – 38,40 сом) катталган, ал эми эң төмөнкү баалар Токмок (бир литри - 35,20 сом), Кара-Балта (бир литри - 35,17 сом) жана Балыкчы (бир литри - 35,16 сом) шаарларында болгон.

Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу АИ-92 бензининин максималдуу төмөндөшү Кербен шаарында 4,89 сомго же 12,0 пайызга, Чаек айылында 4,00 сомго же 10,0 пайызга жана Өзгөн шаарында 3,96 сомго же 9,8 пайызга байкалган.

Муну менен катар, дизелдик күйүүчү майга болгон баанын бир кыйла төмөндөшү Караколдо 8,57 сомго же 19,5 пайызга, Балыкчыда 8,21 сомго же 18,9 пайызга жана Бишкекте 8,07 сомго же 17,9 пайызга белгиленди.

Тэги: АИ-92 бензин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть