Айрым шаар-райондорго киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды

30.04.2020, 11:25 Акчабар
Айрым шаар-райондорго киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө кооптуу абал сакталып тургандыктан, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу тууралуу президенттин жарлыгын парламент бекитип берди.

Аталган жарлыкты мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде чыгарган.

Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилген.

Президенттин 28-апрелдеги жарлыгына ылайык, өзгөчө абал Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан алынган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. 30-апрелге карата бул илдетке кабылгандардын саны 746 адамга жетти. 462 адам оорудан сакайды. 8 киши илдеттен көз жумду.

Тэги: айрым аймак өзгөчө абал мөөнөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть