Опубликовано
24.03.2021, 10:152020-жылы «Айыл Банк» ААКсы тарабынан 12,8 миллиард сомго 52 043 насыя берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 779 миллион сомго же 6,5%га көп. Анын ичинен 10,3 млрд сом же 80,4% өлкөнүн облустарындагы долбоорлорду каржылоого багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК жана «Кепилдик Фонду» ААКтын башкарма төрагалары менен болгон жолугушууда маалым болду.
[news 33472]
Маалыматка ылайык, 2020-жылы «РСК Банк» ААКсы жалпы көлөмү 11,6 миллиард сомдон ашык суммага 10 601 насыя берген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго же 37,9%га көп. Аймактарда берилген насыялардын үлүшү жогорулап, алар 9 206ны же жалпы кредиттердин 86,8%ын түзгөн. 2020-жылы «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан 1 миллиард сомдон ашык суммага 1865 кепилдик берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 101 миллион сомго же 11,1%га көп. Берилген кепилдиктердин саны 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болгон.
Каржылоонун көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорго жумшалган.
Жолугушууда президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 8-февралында жарыяланган «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында финансы рыногун өнүктүрүүнүн жана санариптештирүү процессин тездетүүнүн, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн, санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө өзгөчө маани берди.