Айыл чарба министрлиги: быйыл буудай түшүмдүлүгү — 1,7 ц/га көп

31.08.2020, 14:20 Акчабар
Айыл чарба министрлиги: быйыл буудай түшүмдүлүгү — 1,7 ц/га көп

2020-жылдын 25-августуна карата республикада 185,9 миң га аянтта буудай жыйналып, (75,1%), түшүмдүүлүк — 27,1 ц/га түзүп, 503,7 миң тонна бункер жыйналды. 2019-жылга салыштырмалуу дүң жыйым — 56,6 миң тоннага, түшүмдүлүк — 1,7 ц/га көп болду. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 174,2 миң га аянтта арпа жыйналып (79,5%), же былтыркыдан — 15,1 миң га көп болгон. Дүң жыйым 427,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 63,7 миң тоннага көп, түшүмдүүлүк — 24,5 ц/га, же былтыркыдан 1,7 ц / га көп болгон.

«Чүй облусунда Суусамырдан башка, ошондой эле республиканын түштүк региондорунда дыйканчылык райондордо буудай, арпаларды оруп жыйноо аяктап калды. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облусунда кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо иштерин башташты. Жалпысынан, аба ырайынын жагымдуу болуп жаткандыгынан Ысык-Көл жана Нарын облустарында жогорку түшүмдүүлүк күтүлүүдө. Быйыл Ысык-Көл облусунда 91,5 миң га, Нарында 24,7 миң га буудай, арпа орулат. Ошондуктан, оруп жыйноо компаниясынын динамикасын сактоо менен кар алдында калтырбай өз убагында коромжусуз сапаттуу жыйнап алуу максатында, Чүй облусунун дан жыйноочу комбайндарын аталган облустарга тартуу боюнча келишимдерди түзүү иштери жүрүп жатат», - деп жазылат маалыматта.

Тэги: Айыл чарба министрлиги түшүмдүүлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть