Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.03.2021, 03:25

Кыргызстан айымдарды ишкерлик жактан колдоо жана кездемелер менен иштешүү боюнча Индияга атайын сунуш менен кайрылды. Бул боюнча 24-март күнү Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев менен кездеме өнөр-жай иштери, Индиядагы балдар жана аялдар боюнча иш алып барган министр Смрити Зубин Ирани айым менен болгон жолугушууда талкууланды.

[news 31757]

Министр айым кыргыз тараптын сунушун колдоорун билдирип, кызматташууну мындан аркы кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төмөнкү жыйынтыкка келишти:

  • Кыргыз кол өнөрчүлөр үчүн кездеме өнөр-жай тармагында иштешүү программасын карап чыгуу;
  • айымдардын ишкерлигин колдоо программасы боюнча суроолорду мамлекеттик деңгээлде карап, эки өлкөнүн кызматташтыгын күчөтүп, Mudra Yojana сыяктуу кичи ишканаларга же уюмдарга ссудаларды берүү;
  • мектеп окуучуларына эки өлкөнүн салт жана маданият баалуулуктары боюнча тааныштыруу программасын карап чыгуу;
  • Кол өнөрчүлүк жана колдонмо искусство боюнча тажрыйба алммашуу.


Читать похожее