Опубликовано
19.10.2020, 05:142020-жылдын тогуз ай ичинде улуттук үлгүдөгү 136 миң 997 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31.6% же 93 миң 648 көп. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты.
[news 29139]
Маалыматка ылайык, бул жылы эл аралык үлгүдөгү 784 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 784кө көп.
Андан сырткары, отчеттук мезгил аралыгында дээрлик 280 миң мамлекеттик номерлер тапшырылган. 2019-жылдын тогуз айында 373.7 миң номер, транспорттук каражаттардын катталгандыгы жөнүндө 170 миң күбөлүк берилген.