Акча алмаштыруучу жайлар жабылса кесепеттери кандай болот?

17.04.2020, 11:30 Акчабар
Акча алмаштыруучу жайлар жабылса кесепеттери кандай болот?

Кыргызстанда депутаттардын тобу өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул чечимин алар өлкөдөгү валюта рыногундагы болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу жана регулятордун мыйзамын бузгандардын аныкталышы менен түшүндүрүшүүдө.

Маалыматта айтылгандай, акча алмаштыруучу жайлар кардарларын идентификациялабай, өткөрүп жаткан операцияларынын чыныгы санын жашырып жатат.

2019-жылдан 2020-жылдын март айларынын аралыгында Улуттук Банк 15 акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын кайра алдыртып, 129 жайдын лицензиясын убактылуу токтотуп, 16 эскертүү жана 220 көрсөтмө жөнөткөн.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында акча алмаштыруучу жайлар өлкөдө коронавирус пандемиясына жана дүйнөдө болуп жаткан жалпы кризиске таянып, экинчи рынокто долларга болгон негизсиз курстарды коюп, аны менен эл ичинде ызы-чуу жараткан, ал болсо чет элдик валютага болгон суракты жогорулатып жиберген»,- деп айтылат мүнөздөмөдө.

Документтин авторлору кошумчалагандай, накталай чет элдик валюта рыногундагы акча алмаштыруучу жайлары тарабынан жасалып жаткан ажиотаж калк менен бизнес-түзүмдөрүндө жасалма девольвациялык күтүүлөрдү туудурууда.

Жогоруда айтылганга таянып, депутаттар жеке акча алмаштыруучу жайларды Улуттук Банк тарабынан лицензияланган субъекттеринин катарынан алууну сунушташууда. Ал эми акча алмаштыруу операцияларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн лицензиясы бар банктарга, насыялык уюмдарга, микрофинансылык жана микронасыялык ишканаларга гана берүүнү демилге кылышууда.

Эске сала кетсек, аталган демилге биринчи жолу көтөрүлгөн жери жок. 2014-жылы акча алмаштыруу жайларын жабуу демилгеси менен Улуттук Банк чыккан. Бирок анда ал коомчулуктан колдоо тапкан эмес. «Альянс» акча алмаштыруучу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Чынгыз Бийлибаевдин айтымында, аталган демилгени эми дагы колдоого ээ болбойт.

Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайларынын валюталык операциялар рыногунан кетиши бул кызматтарды коммерциялык банктар тарабынан монополдоштурулушуна алып келет.

«Акча алмаштыруучу жайлар ассоциациясы аталган мыйзам долбооруна караманча каршы. Акча алмаштыруучу жайлар калктын акча алмаштыруусунда олуттуу ортомчунун ролун ойнойт. Эске сала кетсек, 25-марттан тарта көпчүлүк бюролор жабылып, кызмат көрсөтпөй келет. Рынокто жалгыз оюнчулар катары коммерциялык банктар гана калышты. Акча алмаштыруу кызматтарынын монополдоштурулушу рынокко терс таасирин тийгизүүдө»,- дейт Чынгыз Бийлибаев.

Чындыгында, акча алмаштыруу жайларынын жабылышы менен «Акчабар» өлкөдө валютаны сатуу жана сатып алууга айтылбаган чектөө киргизилгендиги тууралуу маалыматтарды ала баштады.

Окурмандар билдиргендей, доллардын өскөн мезгилинде жарандар аны сатып ала албай, ал эми долларга болгон баа коюлгандан кийин аны сата албай жатышат. Аталган маселени Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен болгон брифингдердин биринде журналисттер айтып чыгышкан. Ага Абдыгулов Улуттук Банк эч кандай чектөө киргизбегендигин жана ар бир учурду өзүнчө карап чыгуу керектиги тууралуу айткан.

Андан сырткары, калк ичинде жогорку спреддер (сатуу же сатып алууга болгон мыкты билдирүүлөрдүн ортосундагы айрыма) нааразычылык жаратууда. Валюта рыногунун анализи көрсөткөндөй, коммерциялык банктарда АКШ долларын сатуу жана сатып алуу ортосундагы айрымачылык 70 тыйынды түзсө, евро - 5.85 сомду түзгөн. Башкача айтканда, Эгерде банк 10 миң евро сатса, ал андан 58.5 миң сом табат.

Кошумчалай кетсек, биздин порталдын акча алмаштыруучу жайларынын карантинге тарар алдындагы акыркы күнүндө, тагыраак айтканда 24-мартта чогулткан маалыматына карата, еврону сатуу жана сатып алуудагы спреддин деңгээли 3 сомдун тегерегинде турган. Тагыраак айтканда, бюролордун рынокто туруп тургандыгы айрымачылыкты кармап турган.

Андан сырткары, бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайлары аз дегенде 900 адамды жумуш менен камсыздай тургандыгы жана алардын дагы үй-бүлөсү бар экендигин унутпоо зарыл. Өлкө терең кризиске кабылып, ишсиз калгандардын саны күн санап көбөйүп жаткан учурда жумушчу тармакты кыскартуу акылсыздыкка жатат.

Дагы бир эске алуучу нерсе, акча алмаштыруучу жайлар бюджеттик киреше бөлүгүн түзүүдө өз салымын кошуп келишет. Акча алмаштыруучу жайлардын патенттеринин баасы бир айга 6 миңден 15 миңге чейин жетет. Муну менен, Улуттук Банк тарабынан каттоого алынган 450 акча алмаштыруу жайы бюджетти ай сайын 4.5 миллион сомго толуктап турат. Андан сырткары, алар жалдануучу адамдардан дагы айына 750 сом өлчөмүндө патент алышат, ал болсо ай сайын дагы 337.5 миң сом казынага түшөт дегенди билдирет.

Эгерде аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, акча алмаштыруу жайлары коңшу Тажикистан менен Өзбекстандын тажрыйбасындай эле көмүскөгө кетери ыктымал. Республиканы бул жылдын аягында күтүп жаткан бюджеттин курч жетишсиздигинин шарттарында кирешенин кошумча булактарынын жоголуусу кырдаады алда канча оорлотот.

Тэги: акча алмаштыруучу жайлар мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
×