Опубликовано
09.07.2024, 03:42Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Екатеринбург шаарында Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге "Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону" темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө.
Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.