Опубликовано
02.05.2024, 05:302024-2025-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине окуучуларды кабыл алуу талаптары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, тандоого жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмундарында учурда 6- жана 8-класста “жакшы”, “эң жакшы” баада окуган окуучулар катыша алат.
Тандоонун жыйынтыгында жалпы 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу кабыл алынса, 8-класстар арасында 48 окуучу кабыл алынат.
Конкурстук тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:
6-класстардын окуучулары үчүн:
- 2024-жылдын 10-майына чейин “Телеграм” тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда https://t.me/akylmanpresidentialschool шилтемеси аркылуу каттоодон өз алдынча өтүү узартылат;
8-класстардын окуучулары үчүн: