Опубликовано
20.09.2023, 08:35Эмгек министрлиги Аксы окуясында каза болгондор жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жөлөкпулдарды көбөйтүүнү сунуштоодо.
Бүгүнкү күндө 20 адам төлөмдөрдү алып жатат. Сумма айына 3 миң 700 сомду түзөт.
Мекеме баалардын көтөрүлгөнүнө карабастан, жөлөк пулдун көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилейт. Ошондуктан төлөмдөрдү 4,5 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.
Токтом долбоору талкууга коюлду.