akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Кабар

    Опубликовано

    04.03.2020, 08:00

    Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аткезчилик жол менен ташылып бараткан спирт ичимдиктери аныкталган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

    Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-февралында Жалал-Абад облустук милициясына белгисиз жаран аткезчилик жолу менен коңшу Өзбекстан мамлекетине жүк өткөрүү максатында чек арага жакын аймакта тургандыгы билдирилген. Анын негизинде Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында 1990-жылы туулган Б.А. кармалып, ак түстөгү «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасындагы бир нече коробкалар далил буюм катары алынган. Ал аталган райондун тургуну болгон.

    Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

    Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Б.А.нын автоунаасы Аксы РИИБнин короосуна киргизилип, төмөнкү буюмдар алынган:

    • Бишкек коньягы - 0.5 л 7 даана
    • С серебром арагы - 1 л 9 даана
    • С серебром арагы - 0.5 л 46 даана
    • Градусник арагы - 0.5 л 49 даана
    • 113 коробка конфет
    • 1150 даана ДБК үлгүсүндөгү оюн карталары.

    Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


    Читать похожее

    • 03.04.2024, 03:30:12
    • 30.01.2024, 21:30:00
    • 12.11.2023, 22:20:27
    • 01.10.2021, 23:30:58