akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.09.2021, 06:00

    Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында күйдүргү чыкканына байланыштуу бир айга карантин киргизилди. Бул тууралуу "Акчабарга" Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков билдирди.

    Маалым болгондой, аталган айылга ветеринардык блок посттор орнотулду. Ал эми тургундар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

    Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сибирь жарасына шек саналып жети адам 10-сентябрь күнү ооруканага келип түшкөн. Алардын ичинен эки адамдан күйдүргү аныкталган.

    Учурда дагы 41 киши ооруга каршы дарыларды үйүндө ичип жатат.


    Читать похожее

    • 03.04.2024, 03:30:12
    • 30.01.2024, 21:30:00
    • 12.11.2023, 22:20:27
    • 01.10.2021, 23:30:58