akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.10.2020, 11:11

    Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин VI созывдагы депуттары мамлекеттик резиденцияда жыйын өткөрүп жатышат. Жыйында өкмөт жана өкмөттүн структурасын тандоо жана Бишкекке ӨА киргизүү маселелерин карашат.

    [news 28894]

    Буга чейин «Достук» мейманканасындагы жыйында 67 депутат тарабынан колдоого ээ болгон Садыр Жапаровдун өкмөт болуп шайланышы мыйзамдуу катары эсептелинет. Бул тууралуу жыйында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

    Ал эми депутат Акылбек Жапаров бүгүнкү саясий кризистен чыгуу жолун талкуулоо керектигин билдирди. Анын айтымында, бардык маселелер ынтымак менен мыйзам жолунда чечилүүсү керек.

    Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК тарабынан жокко чыгарылган.


    Читать похожее