Акыркы эки жылда жолдорду курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттын көлөмү азайган

22.03.2022, 14:13 Акчабар
Акыркы эки жылда жолдорду курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттын көлөмү азайган

Үстүбүздөгү жылы жолдорду курууга жана оңдоого жетиштүү каражат бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, утурумдук бюджет боюнча 2 млрд 63 млн сом бөлүнсө, азыр кошумча 945 млн сом бөлүнүүсү каралууда.

“Быйыл жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги жолдордо оңдоо иштер жүрөт”,- деди Кайыңбаев.

Ошондой эле ал өткөн жылы Кыргызстанда 266,3 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, анын ичинен 178,3 чакырымына асфальт төшөлгөнүн жана 2020-2021-жылдары жол тармагынын бюджети 70 пайызга кыскаргандыгына байланыштуу оңдоо иштери транспорттук коридорлордо жүргөнүн белгиледи.

“Бөлүнгөн каражаттын 30 пайызынан көбү кредитордук карыздан кутулууга жумшалды. Былтыркы жылдын башында 1,3 млрд сомдун тегерегинде кредитордук карыз болсо, азыр 853 млн сомго түштү”, - дейт ал.

Тэги: жол куруу транспорт министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть