«Альфа Телеком» ЖАК бизнес үчүн программалык ККМ кызматын ишке киргизди

09.02.2021, 12:35 Акчабар
«Альфа Телеком» ЖАК бизнес үчүн программалык ККМ кызматын ишке киргизди

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому КРнын Мамлекеттик салык кызматынын реестрине кирген фискалдык маалыматтардын оператору болгондуктан, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасын ишке ашыруунун алкагында көзөмөл-касса машиналарын (мындан ары ККМ) киргизүү боюнча долбоорду ишке киргизди.

Бүгүнкү күндө «Альфа Телеком» ЖАКтын адистери товарларды реализациялоо жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлгөн чекене операциялар жөнүндө фискалдык маалыматтарды берүүчү фискалдык маалымат операторуна тийиштүү техникалык иштерди аягына чыгарды. Андыктан компания кичи жана орто бизнес объектилерине ККМ-тиркемесин пайдалануу жаатында кызматташууга даяр экендигин маалымдайт.

КРнын Салык кызматы менен фискалдык маалыматтар оператору аркылуу кызматташуу үчүн мобилдик түзмөккө MegaKassa атайын тиркемесин жүктөп алуу жетиштүү (Play Market'тен жүктөп алууга болот). Мындан соң ККМны КРнын Салык кызматынын маалыматтык системасына киргизүү үчүн жана келишим түзүү үчүн «Альфа Телеком» ЖАКтын Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу керек.

Программалык ККМ долбоорун ишке киргизүү салык төлөөчүлөрдүн фискалдык маалыматтарды Салык кызматына санарип платформа аркылуу коопсуз түрдө берүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Маанилүү! Майда жана орто ишкердүүлүктү колдоо жана программалык ККМ кызматынан колдонууну алга жылдыруу үчүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин келишим түзгөн абоненттерге фискалдык маалыматтарды берүү кызматы үчүн алгачкы 2 айга абоненттик төлөм алынбайт. Муну менен жеке ишкерлерге программалык ККМ акысыз берилет.

Тэги: Альфа Телеком салык кызматы оператор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть