Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.07.2020, 05:05

Казакстандын Алматы шаарында коронавируска байланыштуу 20-июлдан тартып карантин чаралары күчөтүлдү жана кошумча чектөөлөр киргизилди.

[news 26119]

Ага ылайык, Алматы шаарынын тургундарна эс алуу үчүн тоолорго топтошуп чыгууга, экскурсия өткөрүүгө тыюу салынды. Шаардагы коомдук тамактануу жайлары үстү ачык жерде, кечки саат 22:00гө чейин гана кызмат көрсөтөт. Орундуктардын саны 30дан ашпоого тийиш.

Алматыдагы парктарга, Медеу, Бутаковка, Алма-Арасан сыяктуу белгилүү туристтик жайларга транспорт менен барууга болбойт.

Дем алыш күндөрү улуттук парктар жабылат. Жумуш күндөрү гана жөө сейилдөөгө уруксат берилет.

Кошумчалай кетсек, Казакстан бийлиги 5-июлда кайрадан карантин жарыялап, чектөөлөрдү 2-августка чейин узарткан.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 72 миңге чукулдады, 585 адам көз жумду. Жыл башынан бери өлкөдө пневмониядан 3 327 киши каза болгон. Алардын 1555и июлдун биринчи жарымында өлгөн. Казак бийлиги 1-августтан тартып коронавируска кабылгандар менен өпкөсү кагынгандардын статистикасы кошулуп эсептеле баштай турганын билдирген.


Читать похожее

  • 06.08.2024, 23:42:04
  • 06.08.2024, 22:12:34
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 23.07.2024, 05:02:32