Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Буга чейин эртең менен экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова дагы сурак берүүгө чакыртылган.
Эскерте кетсек, Финансы полициясы пандемияга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишин козгогон. Козголгон иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Боронов, экс-вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, экс-саламаттык сактоо министрлер Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралууда.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане