Алтынбек Сулайманов: Бир мектеп куруу жүз түрмөнү жапканга барабар

26.11.2021, 17:30 Акчабар
Алтынбек Сулайманов: Бир мектеп куруу жүз түрмөнү жапканга барабар

Ата-эне бала менен дос болушу керек. Мындай пикирин “Альянс” партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов Ноокат районунун эли менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Чогулган шайлоочулар бир топ социалдык көйгөйлөрдү ортого салып, билим берүү тармагын жакшыртуу маселесин көтөрүштү. Учурда өлкөнүн билим берүү программасы жаңыланууга муктаж экенин айткан Сулайманов, тармактагы азыркы абалды эскирген унаага салыштырды.

“Учурда заман башка. Мугалимдер бизди башкача ыкма менен окуткан. Азыр балдарга ата-эне дагы, мугалим дагы кол көтөрө албайт. Андай жол менен тарбия жана билим берүүнүн өзү туура эмес. Ата-эне болобу, мугалим болобу, балдар менен сүйлөшүп, дос болуусу керек. Өлкөнүн билим берүү системасы чоң реформага муктаж. Бир мектеп куруу жүз түрмөнү жапканга барабар. Жаңылануу жүргүзүү үчүн бийликке, жетектөөчү кызматтарга чет мамлекеттен билим алып, тажрыйба топтоп келген жаштар келиши керек”, – деди ал.

АЛЬЯНС - 3 ☑ - БИР КҮЧ!
Алтынбек Сулайманов – 5 ☑

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Тэги: Алтынбек Сулайманов альянс Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть