Опубликовано
23.11.2020, 03:55Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 750 млн долларга 24 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиков менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлүнүн жолугушуусунда белгилүү болгон.
[news 30192]
Навид Наквинин айтымында, азыркы учурда бул каражаттын 10% жумшалган.
«Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр», — деди Наква.
Кошумчалай кетсек, 1992-жылдан тарта Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 2.1 млрд долларга макулдашууга кол коюлган, анын ичинен 1.3 млрд доллары — насыялар, калган сумма — грант түрүндө берилген.