Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанда 750 млн долларга 24 долбоор ишке ашырылып жатат

23.11.2020, 09:55 Акчабар
Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанда 750 млн долларга 24 долбоор ишке ашырылып жатат

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 750 млн долларга 24 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиков менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлүнүн жолугушуусунда белгилүү болгон.

Навид Наквинин айтымында, азыркы учурда бул каражаттын 10% жумшалган.

«Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр», — деди Наква.

Кошумчалай кетсек, 1992-жылдан тарта Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 2.1 млрд долларга макулдашууга кол коюлган, анын ичинен 1.3 млрд доллары — насыялар, калган сумма — грант түрүндө берилген.

Тэги: дүйнөлүк банк Артем Новиков Навид Накви

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть