akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.03.2021, 06:15

    Үстүбүздөгү жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

    [news 32343]

    Маалыматка ылайык, алардын ичинен «Үй-бүлөгө көмөк» - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 349,4 миң адамды түздү. «Социалдык жөлөкпул» - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 96 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 11,1 миң адамды түздү.

    Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,1 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3041,3 сомду түздү.

    [news 33056]

    Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 662,8 млн сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулду төлөөгө – 311,0 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 307,3 млн сом, «балага сүйүнчү» жөлөкпулу – 44,5 млн сом каржыланган.


    Читать похожее

    • 12.06.2024, 21:12:50
    • 13.05.2024, 02:20:42
    • 06.05.2024, 23:45:08
    • 26.03.2024, 21:30:05