akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Турмуш

    Опубликовано

    06.09.2019, 10:58

    Ысык-Көл областынын Түп районундагы өсүмдүктөр лабораториясын капиталдык ремонттон өткөрүшкөн. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты. ​

    Лабораториянын жетекчиси, Нурлан Токтобековдун айтымында оңдоп-түзөө иштери 2 жыл мурун аяктаган. Бирок, ага карабастан учурда имараттын ичи көгөрүп кеткен.

    Оңдоп-түзөө иштерине 4 млн. 606 миң сом кеткенин Токтобеков кошумчалады.

    «Тендерди 2016 – жылдын октябрь айында өткөрүшкөн. Аны “Аян-Курулуш” деген курулуш компаниясы жеңип алган. Оңдоп-түзөө иштери 2017-жылдын май айында аяктаган. Курулуш иштери сапатсыз жасалгандыктан, кээ бир бөлмөлөр көгөрүп кеткен, кышкысын жылуулук системасы бат-баттан токтоп калат. Ал эми даараткана көчөдө тургузулган, аны салууга 217 миң 433 сом кеткен. Андай дааратканалар 3-4 миң сом турат. Биз бул ишти кабыл алууда кол койгон эмеспиз, учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери журүп жатат. Азырынча курулуш компаниясы менен байланыш болбой жатат.» – деп билдирди.