Опубликовано
01.02.2021, 05:15Өлкөдөгү жарандардын эркиндиги боюнча рейтингден Кыргызстан 162 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээледи. Бул тууралуу The Human Freedom билдирди.
[news 31803]
Адам эркиндиги индекси эки башкы компоненттен турат — жеке жана экономикалык эркиндүүлүк. Кыргызстанда жеке эркиндиктин индекси 7.10, экономикалык — 6.99 түзгөн.
Белгилей кетсек, рейтингдеги максималдуу индекс — 10ду түзөт, бул өлкөдөгү адамдын толук эркиндигинен кабар берет, минималдуу көрсөткүч — 0 түзөт, бул өлкөдө эркиндиктин такыр жоктугун билдирет.
Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң эркин болуп Армения, андан соң Кыргызстан, Белорусиянын жарандары эсептелинет. Акыркы орунда Россия турат.